Баткенде баасы 2 млн сомдон ашык контрабанда жүгү кармалды

Баткенде оперативдүү бажысынын кызматкерлери наркы 2 млн сомдон ашык болгон контрабанда жүгүн кармашты. Бул тууралуу бажы кызматынын маалымат кызматы билдирди.

ЕАЭБдин бажы аймагы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып өтүү фактыларын табуу жана  аларга бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшүндө, Оперативдүү бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен облусунда КР жараны «А. у М.» башкаруусунда «DAF» үлгүсүндөгү транспорт каражаты токтотулган.   

Транспорт каражатын кароодо – «Лазер» үлгүсүндөгү ак күрүч товары табылган. Күрүчтүн жалпы салмагы 23 000 кг, ал эми наркы  2 300 000 сомду түздү. Товар Кыргызстанга чектеш мамлекеттен ЕАЭБдин мыйзамдарын бузуу менен ташылып киргизилген. 

Бул факт КЖБР МЭЖ АМСта катталган, иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча мамлекетке жалпы суммасы 539 350 сомду түзгөн материалдык зыяндын орду толтурулду.