> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ичинен КРда азык-түлүктүн баасы эң жогору болду
- URL: https://im.kg/all/2021/08/19/eaebge-kirgen-lk-l-rd-n-ichinen-krda-azyk-t-l-kt-n-baasy-e-zhogoru-boldu/
- Published: 2021-08-19T10:42:41.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:15.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ичинен июль айындагы азык-түлүккө болгон эң жогору баа КРда катталган. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссия[ билдирди.](https://eec.eaeunion.org/news/ceny-na-prodovolstvennye-tovary-po-eaes-v-iyule-2021-goda-snizilis-na-0-4/)**

2021-жылдын июль айында, 2020-жылдын декабрына салыштырмалуу, ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстанда катталган азык-түлүк товарларына баанын жогорулашы **(9.8%га),** Казакстанда (7.3%га) жана Беларусияда (5.7%га) байкалган.

ЕАЭБ боюнча товарларга жана кызматтарга керектөө бааларынын индекси 2021-жылдын июлунда өткөн июнь айына салыштырмалуу **100.3%ды** түздү.

 Керектөө бааларынын өсүшү негизинен азык-түлүк эмес товарларга (0.7%га) жана акы төлөнүүчү кызматтарга (0.8%га) өсүшүнүн эсебинен болду. 

2020-жылдын декабрына салыштырмалуу ЕАЭБ боюнча баалар жалпысынан 4.7%га жогорулады. Эң аз өсүштү Армения (3.3%) жана Россия (4.5%) көрсөттү.