ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ичинен КРда азык-түлүктүн баасы эң жогору болду
ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ичинен июль айындагы азык-түлүккө болгон эң жогору баа КРда катталган. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.
2021-жылдын июль айында, 2020-жылдын декабрына салыштырмалуу, ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстанда катталган азык-түлүк товарларына баанын жогорулашы (9.8%га), Казакстанда (7.3%га) жана Беларусияда (5.7%га) байкалган.
ЕАЭБ боюнча товарларга жана кызматтарга керектөө бааларынын индекси 2021-жылдын июлунда өткөн июнь айына салыштырмалуу 100.3%ды түздү.
Керектөө бааларынын өсүшү негизинен азык-түлүк эмес товарларга (0.7%га) жана акы төлөнүүчү кызматтарга (0.8%га) өсүшүнүн эсебинен болду.
2020-жылдын декабрына салыштырмалуу ЕАЭБ боюнча баалар жалпысынан 4.7%га жогорулады. Эң аз өсүштү Армения (3.3%) жана Россия (4.5%) көрсөттү.