ЕЭКнын Коллегиясынын төрагасы Чолпон-Атага келди
Коллегиянын төрагасы Михаил Мясникович башында турган Евразия экономикалык комиссиясынын делегациясы Чолпон-Атага келди. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.
19-20-августта Ысык-Көл жергесинде өтүүчү «ЕАЭБдеги бизнес-өнөктөштүктүн жаңы чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү» деп аталган III кыргыз-орус бизнес форумуна, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумуна президент Садыр Жапаров да катышат.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын, ЕАЭБдин байкоочу мамлекеттеринин – Кубанын жана Өзбекстандын катышуусу менен өткөрүлөт.
Жыйынга Өзбекстандын өкмөтүнүн башчысы Абдулла Арипов жана Куба Республикасынын РФгы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Евразия экономикалык комиссиясындагы Кубанын ыйгарым укуктуу өкүлү Хулио Антонио Гармендиа Пенья да катышат.