III Кыргыз-Орус бизнес Форумунун алкагында 13 келишимге кол коюлду

Бүгүн, 19-августта Ысык-Көлдө өтүп жаткан III Кыргыз-Орус бизнес Форумунун алкагында эки мамлекеттин ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүнү караган 13 келишимге жана меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Орус-кыргыз өнүктүрүү Фондунун трагасы Артем Новиков билдирди.

Анын билдирген маалыматына ылайык, «Россия экспорттук борбору» ААК, Евразия өнүктүрүү банкы, «Росэксимбанк» ААК, «Банктар биримдиги» жана «Текстил-Транс» ЖЧКсы менен келишимдер түзүлдү.

«Макулдашуулардын алкагында, пайыздык ченди төмөндөтүү, каражаттарды максаттуу пайдаланууну кеңейтүү, орус рубли менен каржылоону киргизүү жана 2018-жылы ачылган 50 млн долларлык кредиттик линиянын мөөнөтүн узартуу жөнүндөгү пландар бар. Ошондой эле, «Росэксимбанк» ААКсы менен кызматташуу аркылуу РФнын товарларды жана кызматтарды сатып алуу үчүн RUB/USD кыска мөөнөттүү каражаттарды (2 жылга чейин) чыгаруу үчүн жаңы бош бланкты ачуу пландаштырылууда», – деди ал.

Фонд ошондой эле Россиянын «Экспорттук борбору» акционердик коому менен стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташуу жөнүндө келишимге кол койду. Документ КРнын экспорттук борборунун айрым функцияларын КРнын  аймагына өткөрүп берүүнү көздөөдө. Текстиль фабрикасы менен түзүлгөн келишимге ылайык, ОКӨФ «Текстил-Транс» ЖЧКсынын жаңы чыгарылышынын облигацияларынын бир бөлүгүн алууга ниеттенүүдө.