> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз фондулук биржасы Санкт-Петербург товардык биржасы менен келишимге кол койду
- URL: https://im.kg/all/2021/08/19/kyrgyz-fonduluk-birzhasy-sankt-peterburg-tovardyk-birzhasy-menen-kelishimge-kol-kojdu/
- Published: 2021-08-19T12:13:41.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:16:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) Санкт-Петербург эл аралык товардык биржасы («СПбМТСБ») менен технологиялык жана маркетингдик кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол койду. Бул тууралуу Ысык-Көлдө өтүп жаткан III Кыргыз-Орус бизнес форумунун алкагында белгилүү болду.** 

Документке кыргыз тараптын атынан – КФБнын президенти Медет Назаралиев, орус тараптан – «СПбМТСБ» президенти Алексей Рыбников кол койду. 

> «Документтин негизги максаты – Кыргызстан менен Санкт-Петербургдун ишкерлеринин ортосундагы биржалык соода тармагындагы кызматташуунун жаңы формаларын колдонуу менен ишкердик активдүүлүктү өнүктүрүү. Ушул максатта биз технологиялык жана маркетингдик иш-чараларды жакшыртуу, ошондой эле ЕАЭБдеги товардык рыноктун экономикалык потенциалын жогорулатуу боюнча биргелешип иштөө ниетибиз бар», – деди Назаралиев.