> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түрк кеңешинин биринчи Жаш ишкерлер форуму сентябрда Ташкентте өтөт
- URL: https://im.kg/all/2021/08/19/t-rk-ke-eshinin-birinchi-zhash-ishkerler-forumu-sentyabrda-tashkentte-t-t/
- Published: 2021-08-19T16:47:36.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:14.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Түрк кеңешинин Биринчи Жаш ишкерлер форуму 2021-жылдын 19-22-сентябрында Ташкент шаарында өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы билдирди.** 

Кыргызстандын делегациясын Соода-өнөр жай палатасы, Экономика министрлиги жана Тышкы иштер министрлиги түзүүдө. 

> Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин маалыматында, форумга **200го** жакын адам, анын ичинде ар бир өлкөдөн 18ден жаш ишкерлер катышат. Алар негизги 6 тармакты: **агробизнес, IT-стартап, туризм, жеңил өнөр-жай (текстиль/тигүү), тамак-аш өнөр жайы жана маркетингди** тааныштырат. 

КРнын делегациясына ар бир тармактан үчтөн жаш ишкерлер киргизилет. Мындан тышкары, Форумдун алкагында 20-сентябрда Түрк кеңешинин Жаштар иштери жана спорт боюнча министрлердин 5-жолугушуусун уюштуруу пландалууда.