Жыл башынан бери бензиндин дүң баасы 116%га жогорулады
Жыл башынан бери бензиндин дүң баасы 116%га жогорулады. Бул тууралуу Кыргызстан нефтетрейдерлер Ассоциациясынын президенти Канат Эшатов бүгүн, 19-августта Биринчи Радиого берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, январь-июль айларында бензин КРда 50.5%га тагыраак айтканда, 17 сом 80 тыйынга, дизель отуну 37.7%га де 13 сом 60 тыйынга кымбаттаган.
«Россиядагы мунай ишетүүчү заводдордун ай сайын бизге койгон дүң бааларын санап туруп, ошого карап божомолдойбуз. 22-июльдагы божомолубуз боюнча, июль-августта 10%га чейин жогоруламак. Бензин группасы боюнча бүгүнкү күндө 5%га, дизель отуну боюнча 4%га жогорулады», – деди ал.
Эшатовдун билдиргенине караганда, дүйнөлүк биржадагы баалар Кыргызстанга өтө көп таасир этпейт, этсе да ал 1.5 айдан кийин гана билинет.
«Биз жума сайын чекене бааларды мониторинг кылып турабыз, биржадагы баалар 1.5 айдын ичинде келип бизге таасир этиши мүмкүн. Бирок бизге негизинен РФгы мунай иштетүүчү заводдордун бизге берген дүң бааларынан көз карандыбыз», – деди Кыргызстан нефтетрейдерлер Ассоциациясынын президенти.