Бизнести текшере ала турган ыйгарым укуктуу органдардын тизмеси
Экономика жана финансы министрлиги демилгелеген токтомдо ишкерлерди текшерүү укугуна ээ болгон мамлекеттик органдардын тизмеси жаңыртылды. Бул токтом өкмөттүн сайтында коомдук талкууга коюлган.
Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укуктуу ыйгарым укуктуу органдардын тизмеси:
- Экономика жана финансы министрлиги
- Энергетика жана өнөр жай министрлиги
- Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги
- Айыл, токой жана суу чарба министрлиги
- Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
- Транспорт жана коммуникация министрлиги
- Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет
- Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги.
Белгилей кетсек, булардын ичинде Ички иштер министрлиги жок.
Эскерте кетсек, Президент Садыр Жапаров Экономика жана финансы министрлигинин экономикалык чөйрөдөгү мыйзам бузууларды аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча ички иштер органдарынын участкалык кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кеңейтүү демилгесине каршы болгон.