Экономиканын финансы тармагындагы уюмдардын пайдасы 1.7 эсеге өстү

2021-жылдын январь-июнунда экономиканын финансы секторунун уюмдарынын кирешелеринин суммардык көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу 27%га көбөйүү менен 30.5 миллиардга жакын сомду түздү, бул банк секторунун кирешелеринин өсүшү менен камсыз болду. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.

Ушул эле мезгилде финансы секторунун уюмдарынын чыгымдары 20.2 млрд сомду түздү жана 13.5%га өстү.

2021-жылдын I жарым жылдыгында экономиканын финансы секторунда 602 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 564 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм жана 14 камсыздандыруу компаниясы ишин жүргүзгөн.

2021-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча ишканалардын 63%ы пайда алышты, ал эми 18%ы – чыгаша алды. Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык 10.3 млрд сом пайда суммасында түзүлдү, бул 2020-жылдын тийиштүү мезгилине караганда 1.7 эсе көп. Пайданын өсүшү, Улуттук банктын кирешелеринин көбөйүшү менен шартталган.

2021-жылдын 1-июлуна карата банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын ачык кредиттик портфелинин суммардык көлөмү 201.3 млрд сомду түздү.

Банктык секторуна кредиттердин жалпы көлөмүнүн 86.3%ы, банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдарынын секторуна – 13.7%ы туура келди. Кредиттөөнүн негизги багыттары соода чөйрөсү (жалпы көлөмүнүн 25%ы), айыл чарба (21%ы), керектөө муктаждыктары (14%ы), ипотека (9%ы) жана курулуш (8%ы) болуп саналды.