> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда микрокредит алуучулардын саны 14%га кыскарды
- URL: https://im.kg/all/2021/08/20/kyrgyzstanda-mikrokredit-aluuchulardyn-sany-14-ga-kyskardy/
- Published: 2021-08-20T14:29:49.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:13.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 14%га азайды, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү, тескерисинче, 10%га көбөйдү. Бул тууралуу Улутстатком маалымдады.** 

Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында микрокредиттик уюмдар тарабынан 17.7 млрд. сом суммасында кредиттер берилди, муну менен бирге, алуучулардын саны 329 миң адамды түздү.

**I жарым жылдыкта** **калкка берилген микрокредиттер**

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/08/image.png)

Микрокредиттердин эң көп суммасы Ош облусунун (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 22%ы), Бишкек ш. (17%дан ашыгы), Жалал-Абад жана Чүй (14%дан) облустарынын алуучуларына берилген.

Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн үчтөн бир бөлүгү(33%ы) – айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө багытталды, 32%ы – керектөөчүлүк муктаждыктарга, 11%ы – соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө, 7.5%ы – курулушка берилген.

**2021-жылдын** **I жарым жылдыгында** **калкка микрокредиттердин максаттар** **боюнча берилиши**

*(микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/08/image-1.png)