Өлкөнүн экономикасы пандемияга чейинки абалына 2023-жылы келет деп божомолдоп жатабыз, – президент

Өлкөнүн экономикасы пандемияга чейинки абалына 2023-жылга чейин келет деп божомолдоп жатабыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө өтүп жаткан III Кыргыз-Орус бизнес Форумунун алкагындагы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын алдында эң актуалдуу багыттарды белгилеп жатып билдирди.

«Өлкөнүн экономикасы пандемияга чейинки абалына 2023-жылга чейин келет деп божомолдоп жатабыз. 2021-жылы ИДПнын реалдуу өсүшү экономикалык активдүүлүк калыбына келгенде 3.8%ды, ал эми 2022-2023-жылдары орточо эсеп менен 4.4%ды түзөт», – деди ал.

Садыр Жапаров бүгүнкү күндө Биримдиктин бардык мүчө-мамлекеттери үчүн өтө маанилүү болуп келаткан маселелерге көңүл бурду.

Негизинен:   

– коронавирус инфекциясынын мындан аркы жайылышына жол бербөө боюнча макулдашылган жолдору. Таасирлүү багыттардын бири катары учурдагы өнүктүрүү институттары менен биргеликте ЕАЭБ өлкөлөрүндө вакцина өндүрүүнү каржылоо мүмкүндүгүн карап чыгуу

– Евразиялык экономикалык интеграциянын 2025-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиялык багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планын этаптуу жана сапаттуу аткарууну улантуу зарылдыгы. Бул аракеттер бизге товарлардын, кызматтардын, капиталдын жана жумушчу күчтүн  жалпы рыногун калыптандырууга; ЕАЭБдин жалпы рыногун жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатууга; бажыдагы жөнгө салууну жана администрлөөнү азыркыга караганда сапаттуу жогорку деңгээлге чыгарууга, ошондой эле  Биримдиктин санариптик мейкиндигин калыптандыруу га мүмкүндүк берет;

– Экономиканын приоритеттүү тармактарын өнүктүрүү боюнча биргелешкен максаттуу өнүгүү программаларын иштеп чыгуу. Максаттуу программаларды иштеп чыгуу Евразия өнүктүрүү банкы, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду, ошондой эле башка эл аралык финансы институттары тарабынан экономика тармактарын колдоонун универсалдуу жана ийкемдүү инструменттерин түзүү менен байланышта болушу керек. 

Жолугушууга Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, ошондой эле ЕАЭБде байкоочу макамы менен Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов жана Евразиялык экономикалык комиссия коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышты.