> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Оштун вице-мэри акыркы беш жылда 36 млн сомдук тендерлерди уткан
- URL: https://im.kg/all/2021/08/20/oshtun-vice-meri-akyrky-besh-zhylda-36-mln-somduk-tenderlerdi-utkan/
- Published: 2021-08-20T15:34:23.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:13.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Оштун вице-мэри** **Жасур Азимов мамлекеттик сатып алууларга катышып, акыркы беш жылда 36.2 млн сомдук тендерди уткан. Бул жылдары Азимов окутуучу, депутат жана вице-мэр кызматтарын аркалап келген**. **Бул тууралуу [«Т-Медиа»](https://t-media.kg/2021/08/19/ilikt-vitse-mer-azimov-millionduk-tenderlerdin-zhe-ch-s/) маалымат порталы чиновниктин ишмердүүлүгүн иликтеп, анын миллиондогон тендерлерди мыйзам бузуу менен жеңип келгенин аныктады.**

Ал [маалыматка](https://t-media.kg/2021/08/19/ilikt-vitse-mer-azimov-millionduk-tenderlerdin-zhe-ch-s/) таянсак, Азимов шаардык кеңешке депутат болуп келген соң, Ош мэриясынын муниципалдык ишканалары өткөргөн тендерлерге катышып, **6 млн 847 миң** сомдук тендерди уткан.

> Жасур Азимов **беш жыл ичинде 36.2 млн сомдук** тендерлерди жеңип чыккан.

Мындан сырткары Азимов депутаттык кызматты аркалап, Кара-Суу районундагы айыл өкмөттөрдүн сынактарына бир канча жолу катышып, **8 млн 790 миң 946 сомдук** тендер уткан. 

Ал 2018-жылдын 17-октябрында Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалган. Кызматка киришкенден кийин дагы Киров атындагы орто мектептин кошумча иштерине деп **100 миң сомдук** тендерди түз келишим аркылуу утат. 

- Жасур Азимов 1999-2010-жылдары Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинде экономика адистиги боюнча окутуучу болуп иштеп келген. 2001-жылы «[Ош-Модерн ](https://register.minjust.gov.kg/register/Public.seam?publicId=71402)*«*жоопкерчилиги чектелген коомун негиздеп, мамлекеттик сатып алууларга катыша баштаган. Ал 2016-жылдын 25-апрелинде «Республика-Ата-Журт» фракциясынан Ош шаардык кеңешине депутат болуп[ шайланган.](https://www.azattyk.org/a/27693363.html?fbclid=IwAR2ggD9eEFNtsQaa0DaX-eck1ZV3fvWwgLUWvyzlfKy%5F1DDCiJ0t3yccWfI)

*Сүрөт: Клооп*