Оштун вице-мэри акыркы беш жылда 36 млн сомдук тендерлерди уткан

Оштун вице-мэри Жасур Азимов мамлекеттик сатып алууларга катышып, акыркы беш жылда 36.2 млн сомдук тендерди уткан. Бул жылдары Азимов окутуучу, депутат жана вице-мэр кызматтарын аркалап келген. Бул тууралуу «Т-Медиа» маалымат порталы чиновниктин ишмердүүлүгүн иликтеп, анын миллиондогон тендерлерди мыйзам бузуу менен жеңип келгенин аныктады.

Ал маалыматка таянсак, Азимов шаардык кеңешке депутат болуп келген соң, Ош мэриясынын муниципалдык ишканалары өткөргөн тендерлерге катышып, 6 млн 847 миң сомдук тендерди уткан.

Жасур Азимов беш жыл ичинде 36.2 млн сомдук тендерлерди жеңип чыккан.

Мындан сырткары Азимов депутаттык кызматты аркалап, Кара-Суу районундагы айыл өкмөттөрдүн сынактарына бир канча жолу катышып, 8 млн 790 миң 946 сомдук тендер уткан. 

Ал 2018-жылдын 17-октябрында Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалган. Кызматка киришкенден кийин дагы Киров атындагы орто мектептин кошумча иштерине деп 100 миң сомдук тендерди түз келишим аркылуу утат. 

  • Жасур Азимов 1999-2010-жылдары Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинде экономика адистиги боюнча окутуучу болуп иштеп келген. 2001-жылы «Ош-Модерн «жоопкерчилиги чектелген коомун негиздеп, мамлекеттик сатып алууларга катыша баштаган. Ал 2016-жылдын 25-апрелинде «Республика-Ата-Журт» фракциясынан Ош шаардык кеңешине депутат болуп шайланган. 

Сүрөт: Клооп