> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бүгүн, эртең салыктарды төлөөнүн акыркы күндөрү – Салык кызматы эскертет
- URL: https://im.kg/all/2021/09/01/b-g-n-erte-salyktardy-t-l-n-n-akyrky-k-nd-r-salyk-kyzmaty-eskertet/
- Published: 2021-09-01T11:04:43.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:12.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 1-сентябрда унаа салыгын төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү экендигин Мамлекеттик салык кызматы эскертет.**

Мындан тышкары, эртен, 2-сентябрда турак-жай жана батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган), ошондой эле, жер (короо-жай, короо жай алдындагы жана бак-чарба жер участоктору) салыктарын төлөө мөөнөтү аяктайт.

Ушуга байланыштуу, Салык кызматы унаа, турак-жай жана жер салыктарын төлөөгө жетише элек жарандарды төлөө мөөнөттөрү аяктаганга чейин салыктарды төлөөгө чакырат.

> Турак-жай салыктарын кимдер төлөйт? Канча чарчы метрден ашса төлөнөт? Алар тууралуу бул[ шилтемеден](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/08/20/turak-zhaj-salyktaryn-kimder-t-l-jt-kancha-charchy-metrden-ashsa-t-l-n-t-zhoop/) окусаңыз болот.

Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот. Кененирээк маалыматты 116 телефону аркылуу же [www.sti.gov.kg](http://www.sti.gov.kg/) сайтынан алууга болот.