> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү азайтылат жана алар бир нече салыктын ордуна бир салык төлөшөт
- URL: https://im.kg/all/2021/09/01/ishkerler-ch-n-kamsyzdandyruu-t-g-md-r-azajtylat-zhana-alar-bir-neche-salyktyn-orduna-bir-salyk-t-l-sh-t/
- Published: 2021-09-01T09:58:50.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:58:08.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров кечээ, 31-августта, Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоосунда 15 жумушчу орунду түзгөн ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмүн 17%дан 4%га чейин түшүрүүнү убада кылды.**

Анын айтымында, министрлер кабинети тиешелүү жарлыктарды жана токтомдорду даярдап жатат. Президент ошондой эле салык жаатында чоң өзгөрүүлөрдү убада кылды. Анын айтымында, ишкерлер **жаңы жылдан баштап салыктын бир нече түрүн төлөөнүн ордуна бир гана салык түрүн төлөшөт**.

Бирок иш жүзүндө бул кандай болоорун президент так айткан жок.

> «Үстүбүздөгү жылдын жети айында эле биз мурдагы режимдин салык жана бажы мыйзам бузууларын жоюу жана улуттук кызыкчылыктарга ылайык тоо-кен тармагын өнүктүрүү аркылуу кошумча 12 млрд сом чогултууга жетиштик. Натыйжада, пенсияларды жана жөлөк пулдарды көбөйтүүгө, ошондой эле коронавируска каршы дарыларды жана вакциналарды сатып алууга даярданып жатабыз», – деди ал ал өз сөзүндө.