> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бөлүштүрүүчү компаниялар электр энергиясын лимиттен ашык колдонууда
- URL: https://im.kg/all/2021/09/02/b-l-sht-r-ch-kompaniyalar-elektr-energiyasyn-limitten-ashyk-koldonuuda/
- Published: 2021-09-02T23:37:56.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:11.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бир сутка ичинде бөлүштүрүүчү компаниялар лимиттен ашык 1.447 млн ​​кВт.саат электр энергиясын сарпташты. Бул тууралуу Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору билдирди.** 

> Бөлүштүрүүчү компаниялар тарабынан кечээ, 1-сентябрда электр энергиясынын күнүмдүк керектөөсү **21.920 млн кВт/с** түзгөн.

Бөлүштүрүүчү компаниялардын күнүмдүк керектөөсү төмөндөгүдөй болгон:

 «Түндүкэлектро» ААК – 10.873 млн кВт/с  
  
«Чыгышэлектро» ААК – 2.868 млн кВт/с  
  
«Ошэлектро» ААК – 5.100 млн кВт/с  
  
«Жалалабатэлектро» ААК – 3.079 млн кВт/с  
  
**1.447 млн кВт/с лимиттен ашык** колдонулган.

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/09/elektrenergiya_potreblenie-1024x525.jpg)

Эскерте кетсек, Энергетика тармагы боюнча эксперт Эрнест Карыбеков [Economist.kg](http://localhost/info-portal/) сайтына берген [маегинде](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/08/12/energetika-tarmagyndagy-ekspert-ernest-karybekov-toktoguldagy-suunun-azajyshynyn-sebebi-kurgakchylyk-emes/) КРгы энергетикалык кризистин себептеринин бири да дал ушул бөлүштүрүүчү компаниялардын **ашыкча керектөөсүнөн** келип чыгууда деген пикирин айткан болчу. 

##### **КР электр энергияны Түркмөнстандан сатып алат**

Тиешелүү келишимге Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев жана Түркмөнстандын энергетика министри Чарымырат Пурчеков кол коюшкан.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун 27-28-июнда Түркмөнстанга болгон расмий сапарында эки өлкөнүн лидерлери Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүү боюнча макулдашышкан.

Кол коюлган келишимге ылайык, 2021-жылдын августунан декабрына чейин Түркмөнстан КРга 501.9 млн кВт/с электр энергиясын берет. Ал келишимдин алкагында, Түркмөнстан 9-августка чейин 19.2 млн кВт/с электр энергиясын экспорттогон.

- «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун Борбордук диспетчердик кызматынын ыкчам маалыматына ылайык, 2021-жылдын июль айында өлкөнүн энергетика тутумунда электр энергиясынын керектөөсү **971 млн 206 миң кВт/с** түзгөн.