> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткендик ишкерлер бир катар салыктардан бошотулаары күтүлүүдө
- URL: https://im.kg/all/2021/09/02/batkendik-ishkerler-bir-katar-salyktardan-boshotulat/
- Published: 2021-09-02T14:16:39.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:49.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Баткен облусундагы ишкердик субъекттерди колдоо жана өнүктүрүү максатында мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу Экономика жана каржы министринин орун басары Жарасул Абдураимов бүгүн, 2-сентябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдиргенин [Tazabek](https://www.tazabek.kg/news:1727448?from=rss) маалымат порталы билдирет.**

Долбоорго ылайык:

- Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган **чек ара конуштарында катталган** жана иш алып барган субъекттер **киреше салыгын** жана **сатуудан алынуучу** салыкты төлөөдөн бошотулат, ошондой эле аларга киреше салыктын **5%дык** ставкасы белгиленет жана жергиликтүү кеңештердин чечими менен **мүлк салыгын** жана **жер салыгын** төлөөдөн бошотулат.
- Баткен облусунун калган калктуу конуштарында **өндүрүштүк иштин жеңилдетилген түрлөрү** үчүн к**иреше салыгын, сатуудан алынуучу салыкты, мүлк салыгын** жана **жер салыгын** төлөөдөн бошотуу, ошондой эле киреше салыгынын **5%** ставкасы белгилөө каралган.
- Баткен облусунун мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик участогунда болгон окуялардан жабыркаган жана реконструкциялоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан бекитилген субъекттердин **салык карыздары жокко чыгарылат.**

> «Учурда жогорудагы мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралууда», – деп кошумчалады Жарасул Абдураимов.