Баткендик ишкерлер бир катар салыктардан бошотулаары күтүлүүдө

Баткен облусундагы ишкердик субъекттерди колдоо жана өнүктүрүү максатында мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу Экономика жана каржы министринин орун басары Жарасул Абдураимов бүгүн, 2-сентябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдиргенин Tazabek маалымат порталы билдирет.

Долбоорго ылайык:

  • Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган чек ара конуштарында катталган жана иш алып барган субъекттер киреше салыгын жана сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат, ошондой эле аларга киреше салыктын 5%дык ставкасы белгиленет жана жергиликтүү кеңештердин чечими менен мүлк салыгын жана жер салыгын төлөөдөн бошотулат.
  • Баткен облусунун калган калктуу конуштарында өндүрүштүк иштин жеңилдетилген түрлөрү үчүн киреше салыгын, сатуудан алынуучу салыкты, мүлк салыгын жана жер салыгын төлөөдөн бошотуу, ошондой эле киреше салыгынын 5% ставкасы белгилөө каралган.
  • Баткен облусунун мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик участогунда болгон окуялардан жабыркаган жана реконструкциялоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан бекитилген субъекттердин салык карыздары жокко чыгарылат.

«Учурда жогорудагы мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралууда», – деп кошумчалады Жарасул Абдураимов.