> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕАЭБде Кыргызстанда гана өнөр-жай өндүрүшүнүн көлөмү төмөндөдү – башкалардыкы өстү
- URL: https://im.kg/all/2021/09/02/eaebde-kyrgyzstanda-gana-n-r-zhaj-nd-r-sh-n-n-k-l-m-t-m-nd-d-bashkalardyky-st/
- Published: 2021-09-02T15:13:28.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:47:21.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылдын январь-июль айларында Евразия экономикалык биримдигинин өнөр-жай өндүрүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 104.4% ды түздү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын статистикалык маалыматында айтылат.**

> 2021-жылдын январь-июлунда өнөр жай өндүрүшү Беларуста – 9.3%га, Россияда – 4.4%га, Казакстанда – 2.5%га жана Арменияда – 2.1%га **өскөн**, ал эми Кыргызстанда болсо – **10\. 3%га төмөндөгөнү** байкалган.

Отчеттук мезгилде ЕАЭБдеги тоо-кен өнөр жайындагы жана карьерлердеги өндүрүштүн көлөмү 1.2%га, кайра иштетүү өнөр жайында – 5.7%га, электр менен камсыздоодо, газда, бууда жана кондиционерлөөдө – 7.7%га, суу менен жабдууда, канализация системасы, таштандыларды чогултуу жана бөлүштүрүүнү көзөмөлдөөдө 19.8%га өскөн.