ЕАЭБде Кыргызстанда гана өнөр-жай өндүрүшүнүн көлөмү төмөндөдү – башкалардыкы өстү

2021-жылдын январь-июль айларында Евразия экономикалык биримдигинин өнөр-жай өндүрүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 104.4% ды түздү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын статистикалык маалыматында айтылат.

2021-жылдын январь-июлунда өнөр жай өндүрүшү Беларуста – 9.3%га, Россияда – 4.4%га, Казакстанда – 2.5%га жана Арменияда – 2.1%га өскөн, ал эми Кыргызстанда болсо – 10. 3%га төмөндөгөнү байкалган.

Отчеттук мезгилде ЕАЭБдеги тоо-кен өнөр жайындагы жана карьерлердеги өндүрүштүн көлөмү 1.2%га, кайра иштетүү өнөр жайында – 5.7%га, электр менен камсыздоодо, газда, бууда жана кондиционерлөөдө – 7.7%га, суу менен жабдууда, канализация системасы, таштандыларды чогултуу жана бөлүштүрүүнү көзөмөлдөөдө 19.8%га өскөн.