> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Карагундысай №1» көмүр участогу аукционго коюлду
- URL: https://im.kg/all/2021/09/02/karagundysaj-1-k-m-r-uchastogu-aukciongo-kojuldu/
- Published: 2021-09-02T11:48:50.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:12.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттиги «Карагундысай №1» участогунда жер казынасын пайдалануу жана көмүрдү иштетүү лицензиясын аукционго койду.**

> Лицензиянын баштапкы баасы **1640 доллар** экени белгилүү болду.

- «Карагундысай №1» Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан.
- Геологиялык сүрөттөлүшү: 176.9 миң тонна.
- Аукцион 2021-жылдын 13-октябрында Кербен шаарында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун аймактык мамлекеттик администрациясынын имаратында өтөт.