> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда катталган жумушсуздардын саны 1.5%га өстү
- URL: https://im.kg/all/2021/09/02/kyrgyzstanda-kattalgan-zhumushsuzdardyn-sany-1-5-ga-st/
- Published: 2021-09-02T12:02:26.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:12.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда катталган жумушсуздардын саны 80.5 миң адамды түздү. Бул өткөн жылдын январь-августуна салыштырмалуу 1.5% га көп. Мындай маалыматтарды Улуттук статистикалык комитет берди.**

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, жалпысынан 1-августка карата жумуш менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кызматта катталган адамдардын саны 104.6 миң адамды түзгөн (2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4%га көп).

> Катталган жумушсуздардын жалпы санынын **46.1%ын аялдар** түзгөн. Жалпы жумуш күчүндө катталган жумушсуздуктун деңгээли **3.1%ды** түздү.