> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарында сүттү кайра иштетүүчү «Кочкор-Азык» ишканасы ачылды
- URL: https://im.kg/all/2021/09/02/narynda-s-tt-kajra-ishtet-ch-kochkor-azyk-ishkanasy-achyldy/
- Published: 2021-09-02T15:29:40.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:49.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Нарын облусунун Кочкор районунда сүттү кайра иштетүүчү «Кочкор-Азык» ишканасы ачылды. Бул тууралуу [Биринчи Радио ](https://www.facebook.com/1Radiokg/posts/5913091062095024)кабарлады.**

Азыр анда күнүнө үч тонна сүт кайра иштетилип, төрт түрдүү жогорку сапаттагы азыктар чыгарылат. Келечекте ишкананын кубаттуулугу артып, жакын жайгашкан Жумгал жана Тоң райондорунан сүттү кабыл алуу пландалууда.

> Учурда ишкана 30 адамды жумуш менен камсыз кылууда.

Жеке ишкер Болот Төлөнов чет элдик донорлордон 1 млн доллар каражат алып, ишкананын пайдубалын түптөгөн. Азырынча ишканага 850 миң доллар каражат жумшалган. Келекчекте ишканадагы жумушчулардын санын 200гө жеткирип, күнүнө 5 тонна сүттү иштетүү пландалууда. Учурда алынган сүттөн брынза, моцарелла сыяктуу жумшак сырлар иштелип чыгууда.