Нарында сүттү кайра иштетүүчү «Кочкор-Азык» ишканасы ачылды

Нарын облусунун Кочкор районунда сүттү кайра иштетүүчү «Кочкор-Азык» ишканасы ачылды. Бул тууралуу Биринчи Радио кабарлады.

Азыр анда күнүнө үч тонна сүт кайра иштетилип, төрт түрдүү жогорку сапаттагы азыктар чыгарылат. Келечекте ишкананын кубаттуулугу артып, жакын жайгашкан Жумгал жана Тоң райондорунан сүттү кабыл алуу пландалууда.

Учурда ишкана 30 адамды жумуш менен камсыз кылууда.

Жеке ишкер Болот Төлөнов чет элдик донорлордон 1 млн доллар каражат алып, ишкананын пайдубалын түптөгөн. Азырынча ишканага 850 миң доллар каражат жумшалган. Келекчекте ишканадагы жумушчулардын санын 200гө жеткирип, күнүнө 5 тонна сүттү иштетүү пландалууда. Учурда алынган сүттөн брынза, моцарелла сыяктуу жумшак сырлар иштелип чыгууда.