> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк эсептик ченди 7.5% деңгээлинде сактап калды
- URL: https://im.kg/all/2021/09/02/uluttuk-bank-eseptik-chendi-7-5-de-geelinde-saktap-kaldy/
- Published: 2021-09-02T16:18:37.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:11.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк 2021-жылдын 1-сентябрында эсептик ченди (негизги ченди) 7.5% деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим бүгүн, 2-сентябрдан тартып күчүнө кирет.** **Бул тууралуу банктын маалымат кызматы кабарлады.** 

Тышкы чөйрөнүн өнүгүү өбөлгөлөрүн жана ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 7.5% деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. 

> Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатына кошумча корректировкаларды киргизүү мүмкүндүгүн билдирет.

Улуттук банк туруктуу негизде тышкы жана ички факторлордун инфляцияга тийгизген таасирине баа берип турат жана экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын көрөт. 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки отуруму 2021-жылдын 25-октябрында өтөт.