Улуттук банк эсептик ченди 7.5% деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк 2021-жылдын 1-сентябрында эсептик ченди (негизги ченди) 7.5% деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим бүгүн, 2-сентябрдан тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу банктын маалымат кызматы кабарлады.

Тышкы чөйрөнүн өнүгүү өбөлгөлөрүн жана ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 7.5% деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды.

Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатына кошумча корректировкаларды киргизүү мүмкүндүгүн билдирет.

Улуттук банк туруктуу негизде тышкы жана ички факторлордун инфляцияга тийгизген таасирине баа берип турат жана экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын көрөт.  

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки отуруму 2021-жылдын 25-октябрында өтөт.