> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2020-жылы КРнын электр энергиясынын экспорту 300 млн кВт/с түздү
- URL: https://im.kg/all/2021/09/03/2020-zhyly-krnyn-elektr-energiyasynyn-eksportu-300-mln-kvt-s-t-zd/
- Published: 2021-09-03T23:06:07.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:11.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2020-жылы 300.1 млн кВт/с электр энергиясы экспорттолгон, бул 2019-жылга караганда 11.4%га көп. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет берди.**

Өткөн жылы энергетика тармагынын ишканалары 15.4 млрд кВт/с электр энергиясын өндүрүшкөн. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 1.9%га көп. Ошол эле учурда анын көлөмүнүн 91%га жакынын ГЭСтер өндүргөн.

> 2020-жылы **15.5 млрд кВт/с** электр энергиясы керектелген, бул 2019-жылга караганда **2.3%га көп**.

Анын ичинде 142.3 млн кВт/с жеке өндүрүш жана экономикалык муктаждыктар үчүн колдонулган.

Электр энергиясынын жалпы жоготуулары 2020-жылы **2.4 млрд кВт/с** түзгөн.