> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акыркы 6 айда КРга тыштан которулган акча  1.1 млрд долларды түздү – Улуттук банк
- URL: https://im.kg/all/2021/09/03/akyrky-6-ajda-krga-tyshtan-kotorulgan-akcha-1-1-mlrd-dollardy-t-zd-ub/
- Published: 2021-09-03T14:30:19.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:11.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылдын январь-июль айларында жеке адамдардын акча которууларынын таза агылып кирүүсү 31.1%га жогорулап, 1.1 млрд АКШ долларынын тегерегин түзгөн. Мындай маалыматты кечээ, 2-сентябрда Улуттук банктын маалымат кызматы кабарлады.**

Буга карабастан 2021-жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча **ИДПнын** көлөмү өткөн жылдын ушундай эле көрсөткүчүнө салыштырмалуу **1.6%га төмөндөгөн.**

Өнөр жай өндүрүшү менен айыл-чарба өндүрүшүнүн көлөмүнүн кыскарышы – өлкө экономикасынын калыбына келүүсүн токтотуп турган негизги факторлордон болгон. Ички суроо-талаптын динамикасы акырындык менен калыбына келүүнү көрсөтүүдө, бирок өзүнүн **пандемияга чейинки деңгээлине жете элек**.

> КРгы инфляциянын динамикасына дүйнө жүзү боюнча азык-түлүк товарларына болгон баалардын өсүшү таасирин тийгизүүдө деп түшүндүрөт УБ. «2021-жылдын август айында (20сына карата) керектөө баалары жылдык мааниде **14.1%га өскөн**, ал эми жыл башынан тартып керектөө бааларынын өсүшү 6.3% деңгээлинде түптөлгөн. Ошол эле учурда жашылча- жемиштердин бааларынын сезондук арзандашы инфляциянын түптөлгөн динамикасына дефляциялык таасир тийгизген. Бир катар административдик баалардын жана тарифтердин наркынын жогорулашы мүмкүндүгү 2021-жылы жалпы инфляцияга кошумча салым кошушу мүмкүн», – дейт регулятор. 

Инфляциялык басымдын сакталганын эске алуу менен Улуттук банк акча-кредит шарттарын күчөтүү багытында иштерди жүргүзүүнү улантмакчы.