Акыркы 6 айда КРга тыштан которулган акча 1.1 млрд долларды түздү – Улуттук банк
2021-жылдын январь-июль айларында жеке адамдардын акча которууларынын таза агылып кирүүсү 31.1%га жогорулап, 1.1 млрд АКШ долларынын тегерегин түзгөн. Мындай маалыматты кечээ, 2-сентябрда Улуттук банктын маалымат кызматы кабарлады.
Буга карабастан 2021-жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү өткөн жылдын ушундай эле көрсөткүчүнө салыштырмалуу 1.6%га төмөндөгөн.
Өнөр жай өндүрүшү менен айыл-чарба өндүрүшүнүн көлөмүнүн кыскарышы – өлкө экономикасынын калыбына келүүсүн токтотуп турган негизги факторлордон болгон. Ички суроо-талаптын динамикасы акырындык менен калыбына келүүнү көрсөтүүдө, бирок өзүнүн пандемияга чейинки деңгээлине жете элек.
КРгы инфляциянын динамикасына дүйнө жүзү боюнча азык-түлүк товарларына болгон баалардын өсүшү таасирин тийгизүүдө деп түшүндүрөт УБ. «2021-жылдын август айында (20сына карата) керектөө баалары жылдык мааниде 14.1%га өскөн, ал эми жыл башынан тартып керектөө бааларынын өсүшү 6.3% деңгээлинде түптөлгөн. Ошол эле учурда жашылча- жемиштердин бааларынын сезондук арзандашы инфляциянын түптөлгөн динамикасына дефляциялык таасир тийгизген. Бир катар административдик баалардын жана тарифтердин наркынын жогорулашы мүмкүндүгү 2021-жылы жалпы инфляцияга кошумча салым кошушу мүмкүн», – дейт регулятор.
Инфляциялык басымдын сакталганын эске алуу менен Улуттук банк акча-кредит шарттарын күчөтүү багытында иштерди жүргүзүүнү улантмакчы.