> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек ЖЭБге 12.5 млн сомдук шаймандар сатылып алынат
- URL: https://im.kg/all/2021/09/03/bishkek-zhebge-12-5-mln-somduk-shajmandar-satylyp-alynat/
- Published: 2021-09-03T11:49:35.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:11.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Электр станциялары» ААК Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) үчүн турбиналык генераторлордун муздаткычтарын сатып алууга кайра тендер жарыялады (Бюджет КНСти кошкондо 12% кошо көрсөтүлгөн). Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.**

- Сатып алуу ыкмасы бир этаптуу болот.
- Пландалган сумма **12 млн 459 миң 522.88 сом.**
- Конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү – 2021-жыл, 13-сентябрь.

Төмөнкү лоттор коюлган:

1) Бишкек ЖЭБи үчүн ВО-543/3340-262-Н-УХЛ4  
генераторунун аба муздаткычына – **7 млн 833 миң 396.48 сом** каржалат.

2) Бишкек ЖЭБи үчүн ГО-450/5325-34-М-УХЛ4  
тибиндеги турбо генераторунун газ муздатуучу аппаратына – **4 млн 626 миң 126.4 сом** бөлүнөт.