> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектин жаңы мэри кызматына расмий киришти
- URL: https://im.kg/all/2021/09/03/bishkektin-zha-y-meri-kyzmatyna-rasmij-kirishti/
- Published: 2021-09-03T21:19:12.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:11.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэри кызматына расмий киришти. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы кабарлады.**

Бүгүн, 3-сентябрда, КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Айдана Жупуева Айбек Жунушалиевге Бишкек шаарынын мэринин күбөлүгүн тапшырды.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 26-августунда өткөн. Борбор калаанын мэри болуп Айбек Жунушалиев шайланды. Ал бул кызматка жалгыз талапкер болгон.

- Айбек Жунушалиев 1976-жылы Чүй областында туулган. КУУнун юриспруденция багыты боюнча билим алган. Ишмердүүлүгүн да ушул университетте мугалимдик кесиптен баштаган. 2021-жылдын февраль айынан тартып өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп эмгектенип келсе, 26-августта Бишкектин мэри кызматына келди.