> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эми электрондук патентти смартфон аркылуу тариздеп, төлөм жүргүзүүгө болот
- URL: https://im.kg/all/2021/09/03/emi-elektronduk-patentti-smartfon-arkyluu-tarizdep-t-l-m-zh-rg-z-g-bolot/
- Published: 2021-09-03T11:11:56.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:11.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Салык төлөөчүлөр эми салык органына барбастан, смартфондун жардамы менен аралыктан патент толтуруп, баасын эсептөө менен төлөй алышат. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы кабарлады.**

Мамлекеттик салык кызматы «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорунун алкагында электрондук патентти мобилдик тиркемелер аркылуу – бул этапта MegaPay мобилдик капчыгы аркылуу тариздөө жана ал үчүн төлөм жүргүзүү боюнча мүмкүнчүлүгүн киргизди.

> Маалым даректер жана төлөм суммасы сервис аркылуу автоматтык түрдө түзүлөт, болгону транзакциясын ырастоо керек болот.

Бул сервисти киргизүү салыктык башкаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, бизнес жүргүзүүгө жагымдуу шарттарды түзөт жана ишкерлердин өздөрүнүн ишин жеңилдетмекчи дейт Мамлекеттик Салык кызматы.