Кыргызстандан барган кезектеги жер-жемиштерди Оренбург облусуна киргизбей коюшту
Кыргызстан менен Казакстандан барган 150 тоннадан ашык продукцияны Оренбург облусуна киргизүүгө тыюу салынган. Бул тууралуу Россельхознадзордун аймактык бөлүмүнөн билдиришти.
Берилген маалыматка караганда, карантинге алынган продукцияны фитосанитардык көзөмөлдөө учурунда Кыргызстандан жүзүм, анар жана кара өрүк (19.14 тонна) алынып келингени аныкталган.
Күрүч менен төө буурчактын сапатын жана коопсуздугун тастыктаган маркировкалары жана документтери жок болуп чыккан. Алынып барган продукциянын эки партиясында (калемпир жана шабдаалы) зыяндуу организмдер аныкталган.
Продукцияны импорттоого тыюу салынган, күнөөлүүлөр административдик жоопкерчиликке тартылууда деп билдиришти аймактык бөлүмдөн.