«Түндүкэлектро» жабдууларды сатып алууга 34 млн сомдук тендер жарыялады
«Түндүкэлектро» ААК 110/10 кВ подстанцияларга жабдууларды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
- Сатып алуу ыкмасы бир этаптуу болот
- Пландалган сумма 34 млн сомду түзөт.
- Конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү – 2021-жыл, 23-сентябрь.
- Жабдуулар 110/10 кВ «Озерное» подстанциясы үчүн алынат.