> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Бишкек» ЭЭАда мыйзамсыз иштеген майнинг ферма табылды
- URL: https://im.kg/all/2021/09/06/bishkek-eeada-myjzamsyz-ishtegen-majning-ferma-tabyldy/
- Published: 2021-09-06T09:23:13.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:11.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Түндүкэлектр» ААКсы «Бишкек» Эркин экономикалык аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан майнинг фермасынын бетин ачты. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.** 

Бул майнинг фермасы «Түндүкэлектрдин» кызматкерлери Чүй, Талас облустарында жана борбордо рейддик текшерүүлөрдү жүргүзүп жаткан мезгилде табылган. 

> «4-сентябрда «Бишкек» ЭЭАнын №113 абоненти Манас проспектиси 303 дарегинде майнинг фермасынын мыйзамсыз ишин аныкташты. Кызматкерлер фактыны видеого тартып, мыйзам бузуу актысын түзүштү», – деп айтылат билдирүүдө.

«Түндүкэлектр» ААК Кыргызстанда майнинг фермаларга электр энергиясын берилген техникалык шарттардын негизинде гана колдонууга болорун эскертет. Бирок, өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгынан улам «Улуттук энергохолдинг компаниясы» ААК майнинг фермасын иштетүүгө уруксат берүүгө убактылуу тыюу салган.