> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте Борбор Азиядагы Интернетти башкаруу форуму өтөт
- URL: https://im.kg/all/2021/09/06/bishkekte-borbor-aziyadagy-internetti-bashkaruu-forumu-t-t/
- Published: 2021-09-06T10:23:24.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:11.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Борбор Азиядагы Интернетти башкаруу форуму (CAIGF 2021) 2021-жылдын 27-28-сентябрында Бишкек шаарында өтөт.** 

Форумга Борбор Азия чөлкөмүнөн, РФдан 100дөн ашуун эксперттер, ошондой эле санариптик бизнестин, технологиялык компаниялардын өкүлдөрү жана Европа, Кытай, Канададан санариптик өнүгүү боюнча эксперттер катышат.

CAIGF 2021 иш-чарасын Бишкекте өткөрүү – пандемиядан кийинки кризисте санариптик күн тартибинин милдеттерин ишке ашырууга, глобалдык интернеттин туруктуулугу боюнча көп тараптуу диалогдун келечегин жана өлкөлөрдүн жалпы санариптик келечегинин артыкчылыктарын талкулоого багытталат.

Көбүрөөк маалыматты бул жерден [caigf.org/ru](https://caigf.org/ru/) алсаңыз болот.