> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ишкер аялдарды колдоого арналган маркетплейстин презентациясы өтөт
- URL: https://im.kg/all/2021/09/06/ishker-ayaldardy-koldoogo-arnalgan-marketplejstin-prezentaciyasy-t-t/
- Published: 2021-09-06T12:05:54.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:10.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

7-сентябрда ишкер аялдар үчүн «[www.Buyfromwomenkg.com](http://www.buyfromwomenkg.com/)» биринчи маркетплейстин презентациясы жана Европа менен Борбор Азиядагы «БУУ-Аялдары» түзүмү менен уюштурулган «Dragon Den» (бизнес-идеяларынын диалогу) – ЭКСПОнун виртуалдык уландысы иш-чарасы өткөрүлөт .

> «Аялдар арасындагы ишкердүүлүктүү өнүктүрүү фонду (She Starts)» коомдук бирикмеси Кыргызстандагы «БУУ-Аялдары» түзүмү менен биргеликте «Ишкер аялды колдоо» улуттук кампаниясынын экинчи этабы «[www.Buyfromwomenkg.com](http://www.buyfromwomenkg.com/)» онлайн платформасы менен ишке ашырылууда деп билдиришти уюмдан. 

Платформа туруктуу өнүгүүгө жетүүдө ишкер аялдардын ролун белгилөө жана COVID-19 идети жүрүп жатканда Кыргызстандагы аялдардын ишкердүүлүгүн колдоону күчөтүү үчүн түзүлгөн.

2021-жылдын 7-сентябрында БУУ-Аялдары UK Aid ишкерликти жана инновацияны өнүктүрүү программасы менен бирге PEAK жана USAID «Aгросоода» долбоору менен биргеликте «Бизнес идеялардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн диалогу» иш-чарасын өткөрүүнү пландап жатышат, анда тандалып алынган ишкер аялдар өздөрүнүн бизнес идеяларын инвесторлорго жана потенциалдуу өнөктөштөргө улуттук жана эл аралык деңгээлде сунуштай алышат.

> Иш-чара аял ишкерлерди улуттук, эл аралык компаниялар, инвесторлор жана менторлор менен байланыштырып, бизнестерин жаңы деңгээлге көтөрүүгө жардам берет.

Аталган иш-чара «Novotel» отелинде саат 9:00-15:00гө чейин өтөт. Балдары бар катышуучулар үчүн атайын балдар аянтчасы дагы каралган.

Аккредитация боюнча суроолор:

- Айсулу Мукамбетова +996 550 04 73 43,
- Батма Казакбаева +996 557 71 72 62.