> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 10-сентябрда Бишкекте кыргыз-түрк бизнес форуму өтөт – каалоочулар катышса болот
- URL: https://im.kg/all/2021/09/07/10-sentyabrda-bishkekte-kyrgyz-t-rk-biznes-forumu-t-t-kaaloochular-katyshsa-bolot/
- Published: 2021-09-07T18:26:19.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:10.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**10-сентябрда Бишкекте кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт. Ага экономиканын түрдүү тармактарынан 50гө жакын түрк фирмалары катышат. Бул тууралуу Инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Аталган форум Sheraton Bishkek отелинде өтөт. Аны Түркиянын Инвестициялар министрлиги жана Тышкы экономикалык байланыштар кеңеши уюштурууда.

Бизнес форумдун алкагында ата мекендик компаниялар түркиялык потенциалдуу бизнес өнөктөштөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ишкердик кызматташтыкты түзүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

> Иш-чарага катышууну каалаган бардык ата мекендик компаниялар министрликке төмөнкү номерлер боюнча катталса болот: 0312 30 02 32 же 0772 71 03 33 (Whatsapp).