> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 8 айда бюджетке салыктан 66 млрд сом жыйналган – баары бир кризис
- URL: https://im.kg/all/2021/09/07/8-ajda-bjudzhetke-salyktan-66-mlrd-som-zhyjnalgan-baary-bir-krizis/
- Published: 2021-09-07T17:26:19.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:10.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын сегиз айында салыктан 66 млрд 131.7 млн сом чогултулган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Ильяз Иманбетов бүгүн маалымат жыйынында билдирди.**

Анын берген маалыматына таянсак, план **2 млрд 985.3 млн сомго** ашык аткарылган. 2020-жылга салыштырмалуу 18.1 млрд сомго, 2019-жылга салыштырмалуу 16.1 млрд сомго көп. Ал эми республикалык бюджетке – 53.5 млрд сом түшсө, жергиликтүү бюджетке – 12.5 млрд түшкөн.

Ал эми 2021-жылдын январь-июль айларында өлкөгө жеке адамдардын акча которууларынын таза агылып кирүүсү 31.1%га жогорулап, 1.1 млрд АКШ долларынын тегерегин түзгөн. Мындай маалыматты 2-сентябрда Улуттук банктын маалымат кызматы билдирген болчу.

> Бирок жогорудагы көрсөткүчтөргө карабастан, 2021-жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча **ИДПнын** көлөмү өткөн жылдын ушундай эле көрсөткүчүнө салыштырмалуу **1.6%га төмөндөгөн.**