> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан казакстандыктарга чек араны ачты – КР алардан да ушундай аракетти күтөт
- URL: https://im.kg/all/2021/09/07/kyrgyzstan-kazakstandyktarga-chek-arany-achty-kr-alardan-da-ushundaj-araketti-k-t-t/
- Published: 2021-09-07T16:50:44.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:14:21.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Венада (Австрия) өткөн спикерлердин 5-дүйнөлүк конференциясына катышуунун алкагында Казакстан Республикасынын Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.**

> Мамытов казакстандык кесиптешине мамлекеттик чек арадан өтүүдө казакстандыктар үчүн бардык чектөөлөрдүн расмий түрдө жоюлушу тууралуу айтып, кыргызстандыктар үчүн да чектөөлөрдү паритеттик негизде алып салууну өтүндү.

Тараптар ошондой эле парламенттер аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтыкты жана ТЮРКПАнын Кеңешинин 27-28-сентябрда боло турган жыйынынын күн тартибиндеги маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун аягында, Мамытов Нигматулинди Кыргызстанга расмий сапар менен келип, парламенттер аралык кеңештин экинчи жыйынын бирге өткөрүүгө чакырды.