> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Яндекс Такси» мамлекетке эч кандай салык төлөбөй иштейт – өкмөт мойнуна алды
- URL: https://im.kg/all/2021/09/07/yandeks-taksi-mamleketke-ech-kandaj-salyk-t-l-b-j-ishtejt-km-t-mojnuna-aldy/
- Published: 2021-09-07T18:08:31.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:10.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Депутат Акылбек Кемелов бүгүн, 7-сентябрда ЖКнын Транспорт жана коммуникациялар боюнча комитетинин жыйынында Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жетекчисинин орун басарынан «Яндекс.Такси» кызматынын ишмердүүлүгү тууралуу сурады.**

Депутат ата мекендик такси иштеткен компанияларды кысып рынокко кирген, мобилдик тиркеме аркылуу иштеген «Яндекс.Такси» мамлекетке салык төлөй тургандыгына кызыгып, министрдин орун басарына суроо узатты. 

> Министрдин орун басары болсо «Яндекс такси» эч кандай салык төлөбөй иштегендигин тастыктады. 

Депутат элдин эсебинен миллион таап жаткан компания мамлекетке бир тыйын төлөбөй иштеп жатканына таң калды.

> «Бул нонсенс. Алар салык төлөш керек. Алар жаңы технологиялары менен рынокко кирип, канчалаган ата мекендик компанияларды кысып салды. Буга эртерээк чара көрүш керек болчу», – деди Кемелов.