> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2020-жылы КТРК жарнамадан дээрлик 4 млн сом киреше тапкан
- URL: https://im.kg/all/2021/09/08/2020-zhyly-ktrk-zharnamadan-deerlik-4-mln-som-kireshe-tapkan/
- Published: 2021-09-08T15:00:48.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:09.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2020-жылы КТРК эфир убактысы учурунда жарнамаларды жана жүгүрмө саптарды берүү менен 2 млн 900 миң сом, ал эми контентти жайгаштыруудан 723 миң сом киреше тапкан. Мындай маалыматты бүгүн, 8-сентябрда ЖКнын жыйынында телеканалдын директору Бактияр Алиев билдирди.**

Анын айтымында, кызматкерлер алты телеканалда, үч радиостанцияда жана корпорациянын сайтында иштешет. Телеканал жыл сайын мамлекеттик казынадан **371 млн сом каржылоо** алат.

> «371 млн сом бул аз деп эсептейм, анткени корпорацияга 6 телеканал кирет. Бюджетти биринчи кезекте байкоочу кеңеш андан кийин ЭФМ менен парламент аныктайт. 2020-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин КТРК 41 млн сом киреше көрдү: жарнамадан – 38 млн сом, контентти жайгаштыруудан – 723 миң сом, гранттар менен спонсорлордон болсо – 3 млн 549 миң сом пайда тапкан», – деп билдирди Бактияр Алиев.