> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чакан жана орто ишканаларга 72 млн доллар өлчөмүндө пайызсыз финансылык жардам берилет
- URL: https://im.kg/all/2021/09/08/finansy-sektoruna-72-mln-dollar-lch-m-nd-pajyzsyz-finansylyk-zhardam-berilet/
- Published: 2021-09-08T13:20:54.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:00:05.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Дүйнөлүк банктын жана Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын колдоосу менен Экономика жана финансы министрлиги (ЭФМ) жеке жана финансылык секторго чукул колдоо көрсөтүү долбоорун баштады.** 

Бул тууралуу бүгүн, 2021-жылдын 8-сентябрында, коммерциялык банктардын өкүлдөрү, Экономика жана финансы министринин орун басары Руслан Татиков жана министрликке караштуу борбордук казыналыктын директору Заир Чокоев менен болгон жолугушууда айтылды. Алар айткандай, жогоруда аталган Долбоордун максаты – COVID-19 пандемиясынан келип чыккан кризистен чыгууда чакан жана орто ишканаларга колдоо көрсөтүү, алардын экономиканын басаңдашынан өтүүсүнө жана жумуш орундарын сактоого жардам берүү болуп саналат.

> ЭФМнин Долбоорлорду ишке ашыруу департаментинин директору Бермет Мусакожоева өзүнүн кыскача презентациясында, **долбоор кайтарымсыз негизде 72 млн доллар өлчөмүндө пайызсыз финансылык** жардам көрсөтүүнү каржылай турганын маалымдады.

Алардан:

- патент боюнча иштеген чакан ишкерлерге жалпысынан **30 млн доллар** бөлүнөт (**ар бир алуучуга – 100 миң сом**)
- чакан жана орто ишканалар, салык төлөгөн юридикалык жана жеке жактарга жалпы суммасы – **42 млн доллар** берилет (**бир алуучуга – 825 миң сомго чейин**).

Бул максаттарга ылайык, тандоо жүргүзүлүп, төмөнкү коммерциялык банктар менен келишимдер түзүлдү:

- Азия банкы
- Финансылык кредиттик банкы
- Айыл Банк
- КБ Кыргызстан.