> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Европа Биримдигинен КРнын эмдөө сертификаттарын таанууну суранды
- URL: https://im.kg/all/2021/09/08/kyrgyzstan-evropa-birimdiginen-krnyn-emd-sertifikattaryn-taanuunu-surandy/
- Published: 2021-09-08T11:57:13.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:10.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан Европа Биримдигинен ЕБ өлкөлөрүнө кирүүнү жеңилдетүү үчүн кыргыз жарандарынын эмдөө сертификаттарын таануусун суранды. Кечээ, 7-сентябрда, Европа тышкы байланыш кызматынын жана Европа комиссиясынын эл аралык өнөктөштүк боюнча башкы дирекциясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев бул маселени көтөрдү.**

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянсак, тараптар үстүбүздөгү жылга пландаштырылган эки тараптуу жогорку деңгээлдеги иш сапарларды, КР менен ЕБдин ортосундагы кызматташтык жөнүндө жаңы Макулдашууга кол коюуну, ошондой эле ЕБ – БА биринчи экономикалык форумун уюштурууну талкуулашты.

Ошондой эле 2021-2027-жылдарга регионалдык индикативдик программанын алкагында КРгы ЕБдин долбоорунун ишмердүүлүгү тууралуу да сүйлөшүштү. 

> Ниязалиев Европа тарапка коронавирус менен күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, жакынкы убакта COVAX линиясы аркылуу берилчү кийинки партиянын келүүсүнө үмүттөнөөрүн билдирди.