> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Пакистандыктардан «Манас» аэропорту 540 миң доллар пайда көрдү
- URL: https://im.kg/all/2021/09/08/pakistandyktardan-manas-aeroportu-540-mi-dollar-pajda-k-rd/
- Published: 2021-09-08T10:12:48.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:10.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Пакистандан келген жүргүнчүлөрдөн «Манас» эл аралык аэропортуна 540 миң доллар пайда түштү. Бул тууралуу аэропорттун башкы директору Бакыт Шаршеев [Азаттыкка](https://www.azattyk.org/a/pakistandyktardyn-ekonomikaga-paydasy/31447976.html) билдирди.**

«Манас» эл аралык аэропортунун башкы директору Бакыт Шаршеевдин маалыматына караганда, Кыргызстанга Пакистандын Исламабад, Лахор жана Сиалкот деген үч шаарынан **65** чартердик каттам менен **12 миңден** ашуунжүргүнчү учуп келген. Алардын көбү туристтик виза менен киргендер.

> Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаевдин берген маалыматына ылайык, Пакистандан 10 миң турист келген жана алардын ар бири электрондук визага **51 доллардан** төлөгөн. Ал эми «Кыргызаэронавигация» 65 каттамды тейлеп, **200 миң доллардай** пайда көргөн.