> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Уставдык капиталы 16 млн долларлык Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
- URL: https://im.kg/all/2021/09/08/ustavdyk-kapitaly-16-mln-dollarlyk-vengriya-kyrgyz-n-kt-r-fondu-zh-n-nd-makuldashuu-ratifikaciyalandy/
- Published: 2021-09-08T14:41:48.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:42:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров «2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган КРнын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.**

Аталган мыйзамдын максаты – КР менен Венгрия Өкмөттөрүнүн ортосунда Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо боюнча мамлекет ичиндеги жол-жоболорду өткөрүү болуп саналат.

> Фонд эл аралык уюм болуп, анын уставдык капиталы **16 млн долларды** түзөт жана Венгрия бул уставдык капиталды **50 млн долларга чейин** көбөйтүү ниетинде. Уставдык капиталдын үлүштөрү Венгрия тарабынан камсыздалат.