> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРга 2021-жылы эң көп инвестиция Кытайдан келди
- URL: https://im.kg/all/2021/09/09/2021-zhyly-e-k-p-investiciya-kytajdan-keldi/
- Published: 2021-09-09T11:20:13.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:09.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылдын январь-июнунда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 2 эсеге көбөйдү жана бул 321 млн долларды түздү. Инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Кытайга (31.8%) туура келет. Бул тууралуу Улутстатком билдирет.**

> Ал эми Түркияга (19.3%), Нидерландга (11.4%) жана Улуу Британияга (10.1%) туура келет.

**КМШ өлкөлөрүнөн** тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшкөн көлөмү 2020-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу **1.8 эсеге** көбөйгөн.

- Азербайжандан 11.0 эсеге (саламаттыкты сактоо, дүң жана чекене соода)
- Россиядан 3.0 эсеге (иштетүү өндүрүшү, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен касыздоо (жабдуу), дүң жана чекене соода)
- Казакстандан 18.6% (пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүшү, дүң жана чекене сооданын) алардын өсүшүнүн эсебинен болду.

**КМШдан тышкаркы** өлкөлөрдөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмдөрү 2020-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу **2 эсеге көбөйдү.**

- Германиядан – 10.2 эсеге (финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, иштетүү өндүрүшү)
- Кипрден – 5.7 эсеге (иштетүү өндүрүшү)
- Улуу Британиядан – 3.5 эсеге (гелологиялык чалгындоого)
- Түркиядан – 3.0 эсеге (пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүшү)
- Кытайдан – 2.0 эсеге (геологиялык чалгындоо, пайдалуу кендерди казуу)
- Швейцариядан – 1.7 эсеге (маалымат жана байланыш)
- Нидерланддан – 21.8 пайызга (иштетүү өндүрүшү, финансылык ортомчулук жана камсыздандуу, маалымат жана байланыштын) өсүшүнүн эсебинен жүрдү.

> **Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (97%дан ашыгы)** геологиялык чалгындоо ишканаларына, пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүш, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, маалымат жана байланышка, ошондой эле дүң жана чекене соодага багытталган.