> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 4% жана 8% менен жеңилдетилген ипотека берүү 16-сентябрда башталат – МИК
- URL: https://im.kg/all/2021/09/09/4-zhana-8-menen-zhe-ildetilgen-ipoteka-ber-16-sentyabrda-bashtalat-mik/
- Published: 2021-09-09T13:09:01.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:09.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

«Менин үйүм 2021-2026» программасынын алкагында мамлекеттик жеңилдетилген ипотекаларды берүү 16-сентябрда башталат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) билдирди. 

МИК ААКун электрондук порталында катталган бардык жарандардан арыздын толуктугун жана тууралыгын текшерүүнү суранат – [https://portal.gik.kg](https://portal.gik.kg/). Инструкция шилтеме боюнча: <https://clck.ru/XJryj>

> «Менин үйүм 2021-2026» программасынын ишке ашыруусу 2021-жылдын **16-сентябрында** башталат. Мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында 4 багыт боюнча берилет.

**1\. Бюджеттик сектордун кызматкерлери үчүн «жеңилдетилген ипотека»:**  
Продукт «Даяр турак-жайды сатып алуу»:

- пайыздык жылдык чен – 4%
- баштапкы төлөм – 10% дан (баштапкы төлөм жок болгон учурда, кошумча күрөө камсыздалышы мүмкүн)
- кредиттин мөөнөтү – 15 жылдан 25 жылга чейин (катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө жараша)
- ипотекалык насыянын максималдуу суммасы – 4 млн сомго чейин.

**2\. Продукт «Жеке турак жай куруу»:**

- курулуш мезгили үчүн жылдык 8% жана курулуш аяктагандан кийин жылдык 4% пайыздык чен
- баштапкы төлөм – 20%дан жогору
- кредиттин мөөнөтү – 15 жылдан 25 жылга чейин (катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө жараша)
- ипотекалык насыянын максималдуу суммасы – 4 млн сомго чейин.

**3\. «Жеткиликтүү ипотека» жарандардын бардык категориялары үчүн (Бишкек жана Ош шаарларында гана берилет):**

**Продукт «Даяр турак жайды сатып алуу»:**

- пайыздык жылдык чен – 8%
- 20% өлчөмүндөгү баштапкы төлөм (баштапкы төлөм жок болгон учурда, кошумча күрөө камсыздалышы мүмкүн)
- кредиттин мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин (катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө жараша)
- ипотекалык насыянын максималдуу суммасы 5 млн сомго чейин.

**4.** **Продукт «Жеке турак жай курулушу»:**

- курулуш мезгили үчүн жылдык 12% жана курулуш аяктагандан кийин жылдык 8%дык чен
- 20%дан баштапкы төлөм
- кредиттин мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин (катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө жараша)
- ипотекалык насыянын максималдуу суммасы 5 млн сомго чейин.

  
**Эки багыт боюнча сатып алынган турак-жайларга болгон талаптар:**

- көп кабаттуу үйдөгү батирлер үчүн – жалпы аянты 80 чарчы метрден ашпоого тийиш
- жеке турак жай имараттары үчүн – жалпы аянты 150 чарчы метрден ашпоого тийиш
- турак-жайдын бир чарчы метринин баасы 60 000 сомдон ашпашы керек.