КРда 500 миңден ашык адам толук эмдөөдөн өттү – Covid-19
Кыргызстанда 504 465 адам коронавируска каршы эмдөөнүн толук курсунан өттү. Бул тууралуу vc.emed.gov.kg. расмий сайтында айтылат.
Берилген маалыматка ылайык, 721.9 миң адам биринчи дозаны алышкан, дагы 1.8 млн вакцина бар.
- 9-сентябрга карата, бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны 137 адам. Жалпы – 171 048.
- Каза болгондор – 2. Жалпы – 2563.
- Стационарда 698 жана амбулатордук түрдө 1122 адам дарыланып жатат.